Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндөгү Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 8-9-10-11-класстардын жигиттеринин арасында таймаш болуп өттү. Таймашка катышкан жигиттер конкурстун талаптарына ылайык даярданышып, таланттарын окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге тартуулашты.



Сынактын талаптары 8 этап боюнча өткөрүлдү. Катышуучулардын арасынан 1-2-3-орунду ээлеген окуучуларга мектеп тарабынан грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин уюштуруучу мугалими Арыкова Бурул «Мырза жигит» сынагынын максаты боюнча ой бөлүшүп кетти. «Бул иш-чара мектеп ичинде жылына өткөрүү салтка айланып калган. Балдарды мекенчилдикке, ыймандуулукка, патриоттуулукка, эли жерин сүйүүгө, Ата-Мекенди коргоого тарбиялоо максатында уюштурулат. Конкурска өнөрлүү, шыктуу, күчтүү, билимдүү балдар күч сынашты. Бул иш-чараны окуучулар чыдамсыздык менен күтүшөт жана жогорку деңгээлде даярданышат».
«Мырза жигит 2019» сынагынын жеңүүчүсү болуп 11-класстын окуучусу Алимов Султан аныкталып, 2-орунду Кудайберди уулу Келдибек, 3- орунду Камчиев Илгизар камсыз кылды.
Даярдаган: Алимов Султан