Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылындагы «Седеп» балдар бакчасында 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулардын күнү» белгиленди.

Бул тууралуу бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген Анара Токтойт кызы билдирди.

Бала бакчадагы концерт ыр, бий жана оюн- зоок менен коштолду. Концертти бала бакчада тарбияланган «Орто курактын» балдары коюп беришти. Концертке бардык ата-энелер келип катышышкан.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова