Бишкек шаарында жамааттык мультимедиа борборлору жана жамаатык үналгылардын кабарчылары үчүн шайлоодо журналисттердин иш алып баруусу тууралуу эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Тренинг жамааттык ЖМКлардын бирикмелери тарабынан уюштурулуп, Борбордук Азиядагы “Friedrich Ebert” фонду тарабынан каржыланды. Өтүлгөн семинарда келе жаткан президенттик шайлоодо ММКнын үгүт иштерин жүргүзүш үчүн аккредитациядан өтүү жолдору жана журналисттин шайлоо учурундагы орду туурасында маалымат берилди.
Семинарда өз ишин мыкты билген тренерлер, «Журналистер» коомдук бирикмесинин төрагасы, медиа-эксперт Марат Токоев жана «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун юристи Нуржан Мусаева катышуучуларга маалыматтарды беришти.
Тренингддин катышуучусу, “Кара-Чий” ЖМБнын координатору Шаршенбек Акматов семинар жакшы денгээлде өткөндүгүн айтты.
“Биз семинардан пайдалуу, керектүү көп нерсени билдик. Шайлоо учурунда кандай каталарды кетирбеш керек экендигин, маалыматты элге туура жеткирүү боюнча кененирээк билип алдык. Эми бул нерселерди иш жүзүндө колдонобуз.”
Ал эми тренингдин дагы бир катышуучусу “Көнөк” ЖМБнын жетекчиси Жанар Алгожоева да өз ою менен бөлүштү.
“Биринчиден тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип кетем. Биз семинардан шайлоо учурунда элге так маалымат жеткирүү менен бирге өзүбүзгө кандай пайда алып келсек болоорун үйрөндүк.”
Андан тышкары “Жал” ЖМБнын жаш журналисти Дастан Жаркымбаев:
“Мен бул тренингден кошумча билим, өзүмө дагы долбоорго да пайдалуу маалыматты алдым. Үйрөнгөн нерселеримди практика жүзүндө ишке ашырганга жана башкалар менен бөлүшкөнгө аракет кылам”, — деп айтып өттү.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы