Мусулман коомчулугу чыдамсыздык менен күткөн Рамазан айы кирип келди. Биз орозо учурундагы көңүл буруш керек болгон жагдайлар тууралуу дин кызматкеринен жооп алдык.
Орозо – бул тамактан, суусундук ичүүдөн,жаман сөзду сүйлөөдөн, жыныстык катнашка барбоого, таң аткандан күн батканча ибадат кылыш үчүн берилген ай.
1426-жылдан бери мусулмандар орозо кармап келишет.
Быйыл орозо жылдын эң узун күндөрүнө туш келди. Алсак, 19-24-июнь күндөрү ооз жабуу мөөнөтү 17 саат 50 мүнөткө чейин созулат. Күндүн узактыгынан сырткары эң аптаптуу аба ырайында орозо кармап жүрүү адамдын организми үчүн да, анын эрки үчүн да чоң сыноо деп билдирди шаарыбыздын тургундары.
Мындан улам ооз жабууда кандай тамак жесе курсакты ток кармайт, кайсы тамак менен оозду ачса ден соолукка пайда жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.
Орозонун негизги эрежелери боюнча Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек Ажы төмөнкүлөргө токтолду:
ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛБАЙТ?
ОРОЗО КАЧАН БУЗУЛАТ?
Быйыл орозо айында берилчү битир-садаканын баасы киши башына 30 сомдон туура келет. Башкача айтканда, 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Мындан сырткары 1 килограмм 600 грамм ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма берсе болот.
Даярдагандар: Рахат Камчыбекова, Зоотбек Ботукеев, Айдана Эрнис кызы