Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин окуучулары Бишкек шаарындагы «Карагачевая роща» сейил багында уюштурулган көргөзмөгө катышышты.
Аталган иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандын туристтик рыногунун бардык катышуучуларынын бизнес менен таанышуу аянтчасы үчүн болду.
Уюштуруучулардын айтуусу боюнча фестивальда туроператорлорду, кол өнөрчүлөрдү, конок үйлөр менен мейманканаларды, түрдүү этникалык шоу программаларды катышуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүлгөн. Бул фестивалга келип, саякат рухунан, Кыргызстандын жаратылышынын жана прикладдык искусствосунун улуулугунан ырахат алууну сунуштайбыз»,- дейт уюштуруучулар.
Программада 100дөн ашык экспоненттердин көргөзмөсү, этникалык мастер-класстар, шоу-программа жана оюн-зоок аянты болду. Белгилүү саякат блогерлери менен экоактивисттердин баяндамасы пландалды.
№43 Кесиптик лицейде колго керексиз ыргытыла турган буюмдардан жасалган «Экинчи жашоо» көргөзмөсү жана «Тигүүчү» кесибинин окуучуларынын колдору менен жасалган азем буюмдары коюлду. Ошондой эле “Ашпозчу-тейлөөчү” кесибинин окуучулары “Этнокейтеринг” кызматын көрсөтө алышты.
Көргөзмөгө коюлган нерселердин бардыгы келген туристтерге жана Бишкек шаарынын жашоочуларына сатыкка коюлду.
Турсун Омуралиева