Меценат, коомдук ишмер Мавлянова Махабат Эргешовна Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов, Бел, Көк-Жар жана Төөлөс айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылды. Ал жардам катарында 82 үй-бүлөгө ун таратты. Жалпысынан 305 кап ун берилди.

Мавлянова Махабат Эргешовна


Көк-Жар айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Гулзина Маматалиевна:

Гулзина Маматалиевна
«Ыйык рамазан айында Махабат эжебиз Көк-Жар айылындагы аз камсыз болгон 82 үй-бүлөгө жардамын берип кетти. Учурдан пайдаланып эжебизге терең ыраазычылыгымды билдирем. Ар дайым бизди колдоп келет. Бул биринчи жолкусу эмес. Көпчүлүк учурда жардамга муктаж болгон ата-энелерге, балдарга көңүл буруп белектерин берет. Эжебиз бизге берсе Кудайым ага эки эселеп кайтарсын. Махабат Эргешовнага бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым элдерге ушинтип жакшылыктарды кылып жүрө берсин.» — деп билдирди.



Даярдаган:Жумагүл Көчкөнбаева