2019-жылдын 15-апрелинде №7 Т. Сатыбалдиев орто мектебинде “Көк бөрү” кинотасмасы көрсөтүлдү. Киного, аны көрүүгө кызыккан окуучулар кирип катышышты. Билет баасы 50 сом болгон.
Бул тууралуу мектептин тарбия завучу Жылдыз Молдобаева төмөнкүлөрдү билдирди:
“100 дөн ашуун окуучулар тасманы көрүштү. “Көк бөрү” тасмасын көрүп жатканда балдар абдан кызыгуу менен көрүштү. Анткени тасма аябай жогорку деңгээлде, балдарды патриоттуулукка, эрктүүлүүккө, кайратмандыкка тарбиялаган кино экен. Көрүп олтуруп, балдардын жүздөрүнөн кубанычты, сүйүнүчтү көрдүк. Билет баасы 50 сомдун тегерегинде алынып келип сатылды”,- деп билдирди Молдобаева.
Кино тууралуу мектеп окуучусу Аманбай Келгенбай уулу мындай деп билдирди: “Көк бөрү киносу менин оюмча жакшы болду. Жогорку деңгээлде тартылган тасма экен. Бул кинону көргөндө өзүмө жакшы таасир алдым. Мисалы, патриоттук сезимдер, боорукерликке, тайманбастыкка, өзүңдүн жериң үчүн, мекениң үчүн жаныңды аябай, жаның канчалык ооруса дагы ага карабастан, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга аракет кылууга бел байлаш керек, деген сабактарды алдым»,- дейт Келгенбай уулу.
Буга чейин да мектепке көптөгөн кинотасмалар келип көрсөтүлүп турган.
Даярдаган: Чынаркүл Улукбек кызы