Баетов айылынын жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира Түркиянын Анталия шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл-аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 3 орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Бул боюнча Билимбек кызы Калмира мындай дейт: “Жалпысынан 14 мамлекет катышкан эл-аралык мелдеште 53 кг салмагында күрөшүп, 3 орунга ээ болдум. Турнир жогорку деңгээлде өттү. Менин бул ийгиликтерге жетишиме атам Билимбек Капарбек уулунун салымы зор. 2019- жылдын эсебинен бул менин 3 турнирим.”
Балбан кыз буга чейин да өз салмагында бир топ ийгиликтерди жаратып, өлкө намысын коргоп келген. Келечекте Олимпиада чемпиону болууну максат кылган Калмира учурда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9- класста окуйт.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан