Бишкек шаарында “Сейтек” балдар борборунунда “Азем” продюсердик борбору Энелердин күнүнө карата «Апам жана Мен” деген концерт берип, энелерди “Мээрман эне” деген төш белги менен сыйлап энелердин ак батасын алып көптүн көнүлүн жаркытты. Бул иш-чарага Актал адабий чыгармачылык бирикмесинин акын, жазуучулары катышты
АКТАЛ адабий чыгармачылык бирикмесинин катышуучусу Кетмен-Дөбө өрөөнүнүн тургуну 70-жаштагы Анаркан Касымбекова “Мээрман эне” төш белгисинин ээси болду.
“Роза Айтматова эжебиз баштаган топтун ичине кирип, сыйлыкка ээ болгонума ыраазы болдум. АКТАЛ адабий чыгармачылык жетекчилерине ыраазычылык билдирем, жети дубандан келген акындардын эмгегин баалап, бирден акынга “Мээрман эне” төш белгиси менен сыйлап, акындардын шыгына шык кошконуна”,- дейт Анаркан Касымбекова.
Аделя Бакытбекова, Азема Кудуева