Матлюба Мусабаева — кыргыз элинин жүрөгүнө жакын ырларды жана аңгемелерди жаратып келген таланттуу акын, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу жана журналисттер союзунун мүчөсү. Өзбек улутунун кызы болсо да, ал кыргыз тилинде чыгармаларды жаратуу менен эки элдин ортосундагы достукту чыңдап, кыргыз тилин урматтоо жана сүйүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келет.

Эки элдин достугунун элчиси
Матлюба эже Өзгөн районунда төрөлүп, көп жылдар бою мугалим жана мектеп директору болуп эмгектенген. Учурда Өзгөн шаардык аялдар кеңешинин төрайымы катары коомдук иштерде активдүү. Жашоодо жана чыгармаларында тынчтыкты, ынтымакты, элдердин биримдигин даңазалап, өзүнүн фейсбук баракчасында достукка чакырган ойлорун бөлүшөт.
Анын калеминен жаралган ырлардын арасында «Кыргыз тилим мекен тилим, өзбек тилим өз тилим» деген чыгармасы өзгөчө орунду ээлейт. Бул ыр эки элдин достугунун символу десек жаңылышпайбыз. Ал өз чыгармаларында улуттар аралык биримдикти, боордоштукту даңазалап, кыргыз-өзбек элдеринин маданий байланыштарын чыңдоого зор салым кошууда.
«Кыргызстандагы ар бир таш, тоо жана суу мен үчүн бийик жана ыйык. Кыргызча ыр жазуу менин жүрөгүмдүн үнү, бул менин мекенимди сыйлоо жана урматтоо,» — деп белгилейт акын.
Кыргызча чыгармаларга багыт
Матлюба Мусабаеванын кыргыз тилиндеги чыгармалары көптөгөн окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан. «Мекеним», «Кыргыз тилим», жана «Аялдарга кеңеш» сыяктуу китептери калктын сүймөнчүгүнө айланып, анын талантын далилдеп турат. Ал китептеринин бирин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына арнап жазган.
Акындын сөзү терең философиялык ойго бай. Ал улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө чакырып: «Кыргыз, өзбек бирбиз, түрк атанын балдарыбыз, кыз алып, кыз беришкен, куда сөөк жандоспуз,» — деп ыр саптары аркылуу чоң маанилүү билдирүү калтырат.

Коомдук маселелерге кайдыгер эмес
Акын өз чыгармаларында коомдогу көйгөйлөрдү козгобой коё албайт. Жакында кыргыз тилинин коомдо колдонулушуна байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө чыгармалар жаратуу пландары бар экенин айткан. «Тилди сыйлоо — улутту сыйлоо» деген принципти туу туткан Матлюба эженин бул багыттагы эмгектери дагы окурмандарын кайдыгер калтырбайт.
Матлюба Мусабаева эки элдин ортосундагы маданий көпүрө. Анын чыгармалары достукту даңазалоо, жаштарга үлгү болуу жана элди биримдикке чакыруу максатында жаралат. Бул таланттуу акындын жүрөгүнөн кыргызча ырлар дагы көп жылдар бою тарай берсин!
Кыргыз тилим мекен тилим, өзбек тилим өз тилим! — деген саптары эки элдин ынтымагын даңазалап, көптөгөн жүрөктөргө дем-күч берип келет.
****************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова