Учурда Кыргызстандын түрдүү маданий, этностук, диний салттарды карманган жарандардын жамааттарына карабастан, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана бакубаттуулугун бекемдөөгө умтулган бирдиктүү коомчулук — Кыргыз жаранын калыптандырууга багытталган 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жүзөгө ашырылууда.
Кыргыз жараны — бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргыз жараны өлкөнүн аталышы болгон – “Кыргыз Республикасы” аталышынан келип чыгат жана өздөрүнүн этномаданий бирдейлигин сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейликтин термини болуп саналат.
Кыргыз жараны: жамаатардын социалдык биримдиги аталышындагы түз эфирде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Этностор аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы Искендер Эшимбеков жана «Тынчтык жана өнүгүү институту» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана Президенти Улугбек Нурумбетов кененирээк маалымат беришип, өз ойлорун дагы ортого салышты.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова