Кара-Суу айылынан улуу согушка 50 дөн ашык киши кеткен экен. Ошол убакта айылыбызда 60 түтүн эл жашаган экен. Алардын 37си согуш талаасынан келбей калышкан. Согуштун ардагерлерине арналып, согушка катышкандардын тизмеси чегилип, эстелик тургузулган.
Согушка кеткен айылдын биринчи мугалими Жакыпов Сыргак тууралуу Дүйшөнкулов Конусбек карыядан уксак.
“Жакыпов Сыргак айылыбыздан чыккан билимдүү адам болгон. Ал киши Кара-Суу айылына биринчи мектеп ачкан, балдарды окуткан.
Жалаң эле Кара-Сууга эмес Малтабар, Ак-Башат айылдарына да мектеп ачтырып, ал айылдарда биринчи мугалим болгон. Жакыпов Сыргак окуучулары Молдраимов Айтаалыны жана Абдыкеримов Мүсүраалыны мугалимдик окууга жиберип, мугалимдик кесипке ээ кылган. Алар окууларын аяктап, Өзгөндө иштеп жатканда согуш башталат. Өз каалоолору менен согушка кетишип, алар да кайтпай калышкан.
Ошентип, мугалими менен эки окуучусу согуш талаасында курман болушту”,-дейт Конусбек карыя.
Айылда согуштан кайтып келген ардагерлер калбай калды, бирок айыл тургундары ардагерлерди дайыма эстешип турушат, аларга арнап ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт.
Даярдаган: Мамбетова Элина