Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Физика ааламга жол ачат» деген темада иш- чара болуп өттү.
Иш чарага 7-а жана 7-б класстын окуучулары катышып өз сыйлыктарын алышышты. Окуучулар бири-бири менен жарышып окуудагы ийгиликтерин сынашып, жагымдуу маанайда катышышты. Алар эле эмес бүт мектеп окуучулары эң сонун маанайда болушту.
Уюштуруучу физика мугалими Мубара Кадырованын айтымында «Физикалык адабий кече өткөрдүк, бизге эле эмес баарына жакты деп ойлойм, окуучулар «Блок» жана «Статика» деп эки топко бөлүнүп жарышышты, себеби биз азыр ушул темаларды өтүп жатабыз, окуучулардын эсинде калышы үчүн ушундай иш чараларды өтүп жатабыз»-деп билдирди Кадырова.
Катышуучу Мадина Кудайбердиеванын айтымында, «Физикалык адабий кече бизге аябай жакты, биз абдан катуу даярдандык, күчтүү жеңет эмеспи ошондуктан биз «Блок» командасын жеңип абдан кубанычтабыз,»-деп билдирди Кудайбердиева.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы