5-май — Кыргыз Конституциясынын күнү — майрам күн. Конституция деген эмне? Биздин конституция качан кабыл алынган? Мына ушулар тууралуу Кара-Суу айылынын мугалимдерине жана айыл тургундарына суроо узаттык.
Мектептин тарых мугалими Колбаев Нурбектин Конституция тууралуу мындайча токтолду:
— Ар бир мамлекет эгемендүүлүкө жеткенден кийин өздөрүнүн мамлекеттик ыйык белгилери болуш керек. Анын баары тең Конституция менен бекилет. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткенден кийин өзүнүн туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы бар. Мунун баары тең Кыргыз Конституциясынын 6-статьясында белгиленген. Биздин Конституция 1993-жылы, 5-майда кабыл алынган. Конституция негизги ролу — Конституция менен ар бир мамлекет жашайт. Биздин Конституцияны бузабыз деп, Акаев менен Бакиев өлкөдөн куулуп, качып кетишти.
Майрамыңыздар куттуу болсун. Кыргыз Конституциясы эл үчүн кызмат кылсын. Сак саламатта болуңуздар.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Талдыбекова Таазим, Саткынбаев Сыргак
Сынак үчүн