Фронтовиктер тууралуу репортаждар циклинен сиздерге улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эр жүрөк Кара-Суу айылынын кулуну Алиев Иса тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты ардагер чоң атабыздын кичүү баласы Алиев Алмаздан алсак.
— Менин атам Иса 1922-жылы туулган. 1943-1945-жылга чейин Сталинград алдында согушка катышкан, бир медаль сыйлыктары менен сыйланып, 1945-жылы Коммунисттик партияга өткөн. Согуштан кайтып келгенден кийин Канттагы айыл чарба техникумунда агроном кесиби боюнча окуну бүткөн. Пенсияга чыкканча бригадир болуп ар кандай кесиптерде иштеди. Айыл чарбасында көп иштеп ар кандай медаль, грамота сыйлыктарына ээ болду. 2003-жылы каза болду.
Жогоруда сиздер уккандай Сталинградда согушуп, эрдиктерди көрсөткөн экен. «Ак кептер» медиаборборунун атынан ардагер фронтовик Алиев Иса чоң атабыздын үй-бүлөсүнө, бала бакырасына чың ден-соолук ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Айдай Канусбекова
Сынак үчүн