Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде 21-май күнү “Энелерди сыйлайлы” деген темада 1-класстар тарабынан сынак-конкурс болуп өттү. Cалтанатта окуучулар энелерине ар кандай концерттик программаларын тартуулашты.
Сынактын жүрүшү тууралуу «Сары-Дөбө» орто мектебинин ардегер мугалими Мария Кудайбердиева өз оюн мындайча билдирди:
“Кыздар алган билимдерин билген өнөрлөрүн тартуулашты. Энелерге ырдап, бийлеп майрамдык маанай тартуулап чоң белек сунду. Аябай таланттуу, билимдүү кыздар экен. Мындай конкурстар жаш бөбөктөр үчүн чоң стимул болот деген терең ишеничтемин”, — дейт Кудайбердиева.
Конкурска баам салып кубанычта отурган Курбанай Мурадилова “балдарыбыздын мындай таланттарын көрүү ата-энелер үчүн чоң бакыт. Класс жетекчиси Бураима Сулаймановага чоң ыраазычылык билдирем” деп айтып өттү.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Редактору: Амантур Ганыев
Сынак үчүн