Чоң-Тогузбай айылында аскерге чейин даярдык (АЧД) сабагынын алкагында үч күндүк практикалык сабактар болду. Сабактарда практика жүзүндө иштер жана аскердик машыгу өтүлдү.
Аталган иш-чара жыл сайын май айынын акыркы күндөрүндө бүтүрүүчү класстын эркек балдар арасында жүрөт. Бул иш-чарага Тасма жана Тогузбайдан катышышты.
Тасма айылынын аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалими Кыдырмыш Масыловдун айтымында, бул иш чара 23,24,25-майга бөлүнүп, күнүнө алты сааттан сабак өтүлүүсүнө атайын буйрук берилген.

“Мурун окучулар лекция менен ар кандай плакаттар менен көрсөтүшсө алса, азыр жыл бою окууганын практика жүзүндө көргөзө алды. Бул окуу аларды патриоттук сезимдерди үйрөтүүгө жардам берет. Менин оюмча окучуларга өтө жакты деп ойлойм”, — деп билдирди Масылов.
Тогузбай айылынын М. Кубанычбек атындагы мектебинин 11-классынын окуучусу Азим Тентиев сабак чогулуп жакшы өткөнүн жана катарда басуунун үйрөнгөнүн айтып өттү.
“Эстафеталар да жакшы өттү, эки адам жарадар адамды көтөрүп чуркашты, кызыктуу экен. Граната ыргытышты мен да ыргыттым, бирок алардыкындай алыс эмес. Алардын басканын көрүп мен чоңойгондо аскер болоюн деп чечтим”, — деп билдирди Тентиев.
Чоң-Тогузбай айылынын 11-классынын окуучусу иш-чаранын катышычусу Дастан Кубатовдун айтымында, негизи үч айыл катышмак — Тасма, Токтоян жана Тогузбай.
“Токтояндын шарты болуп өз айылында өткөрөбүз дешкенин билдирди. Чогулуп негизи өтө кызыкту болду. Биз маршировка менен ары-бери бастык. Противагаз кийип чуркап жана көнүгүүлөрдү жасадык. Граната ыргытып, өзүбүздүн күчүбүздү көрө алдык”, — деп билдирди Кубатов.
Даярдаган: Салават Жангабылов
Редактор: Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн