Үч-Коргондо жашаган улуу муундагы инсандар жаштардын каржы сабатуулугу боюнча сурамжылоо жургузуду.
Жаштардын каржылык сабаттуулугу канчалык денгээлде жакшы же болбосо төмөн экендигин билүү максатында атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бул боюнча Үч-Коргон айылынын туругуну Инамжанова Мухтасархон менен маектешкенбиз.
«Мен оюмча жаштардын каржылык сабаттуулугу өтө жакшы деп да айталбаймын. Анткени айрымдары акчаны сарамжалдуу эсеби менен коротот, айрымдары эсеби жок. Мен өзүм да жашмын бирок, үй-бүлөлүү болгондон кийин балдарга кийим, тамак-аш, мектеп каражаттары дегендер көп болот, ошондо каржылык сабаттуулугубуз менен аракет кылбасак абал оор болуп калышы мүмкүн», — дейт Инамжанова.
«Менин ийгилигим» долбоорунун алкагында сиздер менен жаштардын каржылык сабаттуулугу боюнча атайын эксперт тажрыйбалуу акушер-гиниколог Махмудова Рахимахон өз оюн билдирди.
«Мен жаштарга айткан болор элем: акчаны баарыбыз табабыз бирок, ал кайдан келди, кантип келди кээде унутуп калабыз. Ошондуктан биринчи мага акча эмне үчүн керек деген суроону өзүңөргө берип көргүлө. Анткени ар бирибиздин башыбызга бир күн үй-бүлө деген оор, ошону менен бирге жоопкерчиликтүү жол күтүп турат. Эгер ошол түйшүктү азырдан сезип, каржы маселесине жакшы көңүл бурсаңар, мен ойлоймун, жашоодо эч качан кыйналбайсыңар», — деп билдирди Махмудова.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор