Теңир-Тоо тоолуу жана шарты катаал аймак болгондуктан кышка даярдык эрте башталат. Ак-Талаа району боюнча жалпы орто билим берүүчү 18 мектеп жана 21 бала бакча бар. Райондогу 7 мектеп электр от казандары, калган 11 мектеп көмүр менен жылыйт.

Билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б. Чиркеев менен бул туурасында кыскача маек курдук.
— Мектеп жана бала бакчалар мурда районого карачу. Азыр айыл өкмөттөрүнө тиешелүү. Учурда көмүр өндүрүүчү фирмалар менен макулдашып, келишимдерин түзүштү. Көмүр тартылып келинип жатат. Бирок толук камсыз болуп бүтө элек. Бүгүнкү күндө Кызыл-Белес, Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылындагы метептерде жана бала-бакчаларына көмүр түшүрүлдү. Кышка даярдык 80 пайызды түзөт.
Даярдаган: Эркинбек кызы Нуркыз, Тынчтыкбек кызы Гүлнур.
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн