Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан, Түп району боюнча сынак өткөнү жатат. Бул сынакка таруу менен айнек бетине түшүрүлгөн сүрөттөр көрсөтүлмөкчү.
Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзөв мектебинин окуучулары да бул сынакка даярданууда. Таруу менен иштеп жаткан 10-классынын окуучусу Айтурган Марат кызы даярдыктары тууралуу томөндөгүлөрдү баяндады.
«Таруу менен мен биринчи жолу иштеп жатам. Негизи бул конкурс жылына өткөрүлөт. Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан, биз айнек бетине саймалуу ташты, ээр оодарышты сүрөткө түшүруп, чагылдырып жатабыз», — деди Марат кызы.
Таруу менен иштөө абдан көп убакытты талап кыларын 9-классынын окуучусу Гүлдана Нурланова айтат.
«Мен да таруу менен биринчи жолу иштеп жатам. Мурда эжелерибиз иштеп жатканда абдан кызыкчумун. Таруу менен иштөө абдан майда жумуш болгондуктан, көп убакыт талап кылынат экен», — дейт Нурланова.
Даярдагандар: Элдияр Талант уулу, Мундукоа Чынгыз
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн