Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде информатика мугалими Нургүл Макелеева жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучуларга менталдык математика боюнча атайын курс ачып окута баштады.
Бул предмет башталгыч класстардын окуучуларына ылайыкталгандыктан ага 1-4-класстардын окуучулары катышууда. Курс акысыз болуп саналат.

Макелееванын айтымында, менталдык математика баланын күнүмдүк жашоосуна керектүү ой жүгүртүү, эсине тутуу, көңүл буруу, сабырдуулук жана акыл өстүрүүнү жогорулатат. Мында окуучулар абанус (эсептегич) менен иштешет. Менталдык математиканын башка предметтер менен байланышы бар.

Мисалы англис, орус тилдеринде сөздөрдү бат жаттап, эсине тутуп калууга жардам берет.
Абанус — Кытайдын беш улуу ачылыштарынын бири. Эсепти ойлоп чыгарган киши Лие Хонг.

Макелеева 2016-жылдын апрель айында Кытай Эл Республикасынын Лини шаарына барып, менталдык математика боюнча атайын окуудан өтүп келген.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн