Терек-Суу айылынын ар кайсы жеринде таштанды ыргытылып тазалык сакталбай жатат. Бул болсо тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Таштандыдан кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп кѳрдүк.
Кетмен-Төбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Советбек Жээналиев таштандынын бардыгын тазалоого каражат жетишпесин билдирди. Бирок андан арылууга болоорун айтат.
“Анткени ар бир айыл тургуну маданияттуулугун кѳрсѳтүп, айылды таза карашы керек. Ал мусорлорду сырттан келип бирѳѳ тѳккѳн жок, аны дагы биздин айыл тургундары тѳгүп жатат. Кээ бир учурларда мусор алып кетүүчү машинаны күтпѳй сайларга таштап жатышат. Мунун баарын чыгарууга айыл ѳкмѳтүнүн каражаты жетишпейт. Анткени айыл ѳкмѳтү айына бир гана жолу машина менен мусорлорду алып кете алат», — деп токтолду Жээналиев.

Анын айтымында, таштандыга айыл тургундары ар бир түтүндѳн 100 сом беришет. А бул каражата таштандыларды тазалоого жетпейт.
«Жакында депуттатардан дагы бир жолу суранабыз. Эгерде эл ошону колдоп берсе ар бир түтүндѳн 200 сомдон беришсе мүмкүн айыл ѳкмѳттѳ акча топтолуп, бир айына эки жолу машина жѳнѳтмѳкпүз. Айылыбызда таштанды тѳгүүчү жайлар бар. Бирок алар айылдан бир километр алыс болгондуктан баргандан эригишип, айыл ичине тѳгүп жатышат”, — деп кошумчалады айыл өкмөт башчысы.

Айыл тургуну Анаркан Касымбекова таштанды ташыган унаа айына бир жолу келбей жатканын айтат. Анын пикиринде, ар кандай оорулардын пайда болушу ошол таштандылардан улам пайда болууда.

«Анткени таштанды төккөн жерлерде жандыктардын ѳлүгү болот, алардын калдыктары бар, химиялык уулу заттар бар. Айыл ѳкмѳтү ушул маселени калыпка сала албай койду. Ар бир айдын 29-күнү таштанды ташыган машина келет деген, келген жок. Ал машина бир жерге барса, бир жерге барбайт экен. Таштандыны жанагы кытай капка салып койсок бир айга жетпей чирип калат . Бул маселени жалпы айыл эли чыгып тазаласа жакшы болмок. Айыл эли ѳзүбүз эле кылып жатпайбызбы ошону, аны башка жактагылар келип тѳкпѳйт да. Өрттѳлѳ тургандарды ѳртѳп, калганын жерди чуӊкур кылып казып, таштандыны салып койсок ѳзү эле чирип жок болот. Ушул маселеге олутуу карап айылдын тазалыгын сактасак болмок”, — деп билдирди Касымбекова.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн