Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.
Түшүм майрамдын уюштуруучусу жана мектептин тарбия завучу Баян Дүйшөбаеванын айтуусунда, иш-чарага эң жакшы даярданган 6-Б классы болгон.
«Түшүм майрам эки күн болду. Кечээ башталгыч класстардыкы болгон, бүгүн ортоңку класстардыкы болуп өттү. Негизинде жакшы даярданышыптыр балдардын фантазиялары күчтүү экен. Бирок эң жакшы даярданган класс — бул 6-Б класс болду. Эжейи менен биргеликте жакшы фантазияларын жасашыптыр», — деп билдирди Дүйшөбаева.
Ал эми мектеп окуучусу Дилназ Үсөнова «бардыгыбыз биригип өсүмдүк, жемиштерден ар кандай нерселерди жасаганыбыз жакты» дейт.
«Быйылкы жылы түшүм да көп болгондуктан майрам да жакшы маанайда өттү. Биз ар кандай жемиштерден, өсүмдүк, жалбырактардан күздүн элесин берип тургандай кылып эжейибиз менен бирдикте жасадык. Негизи эле күз мезгили токчулуктун белгиси болгондуктан дастарконду жайнаттык», — дейт Дилназ.
Даярдаган: Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн