Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 9-классынын окуучулары мугалимдер күнүнө карата кече өтүштү. Кечеде тамашалуу оюндар, сценкалар коюлду. Ошондой эле кечеде ардактуу мугалимдер конокко чакырып, аларга сөз берилди.

Кеченин катышуучусу Шамил кызы Нуриза иш-чарага даярданышканын төмөнгүчө баяндады.
“Мектеп боюнча ар бир класска ар кандай темадагы тарбиялык сааттар, кечелер бөлүнөт. Биздин класс “Мугалим мөмөлүү дарак” атту темадагы кече өттүк. Бул кечеде көптөгөн кызыктуу оюндар, ырлар, бийлерди көрсөттүк. Алар көрүүчүлөргө жакты деп ойлойм. Себеби биз бул кечеге абдан жакшы даярдандык”, — деди Шамил кызы.


Даярдаган: Чыңгыз Мундуков
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн