Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде рэкетчиликти жоюу боюнча талкуу болду. Ага Сумбула айыл аймагындагы мектепердин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Манас атындагы орто мектебинде 26-октябрь күнү рэкетчиликтин алдын алуу боюнча талкуу болду. Ага Сумбула айыл аймагындагы мектептер катышты.
Талкууда Манас орто мектебинин драма клубу бул тема боюнча спектакль койду. Спектаклдын темасы “Аргасыз басылган кадам”.
Спектаклдын максаты — рэкетчиликти жоюу, кантип жаман жолго түшүп кетпөөнүн жолдору көрсөтүү. Анда ар кайсы мектептин окуучулары өз ойлорун билдиришти. Бул тема боюнча суроолорду берип, Манас орто мектебинин окуучусу Бактияр Насиридин уулуну маекке тарттык.
“Мен бул талкууга окуучу катары келип катышып жатам. Талкуу өтө кызуу жүрүүдө. Мен рэкетчилик боюнча көп маалымат биле берчү эмесмин. Бул талкууда мен өзүмө жалаң гана оң сапаттарды жана керектүү маалыматтарды алып алдым”, — дейт Насиридин уулу.
Бул тема боюнча талкуу кызуу жүрдү. Талкуу бүткөндөн кийин окуучулар арасында воллейбол оюну болду. Воллейболдо Манас атындагы орто мектебинин кыздар командасы жана балдар командасы биринчи орунду ээлешти.

Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн