Муса Баетов атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” жумалыгы жыйынынтыкталды. Анда окуучулар менен ата-энелер да жигердүү катышты.
Мурда берилген жобого ылайык окуучулар күзгө арналган дубалгезиттер, жашылча-жемиштерден кооздолуп, ар түрдүү формада жасалган карвингдер жана ден-соолукка пайдалуу азыктардан даярдалган тамак-аштардан дасторкон сынактарына даярданышкан.
Сынакта атайын комиссия иштеп, жыйынтыгында 9-класстын окуучулары 1-орунга татыктуу болушту.

Майрамга ата-энелер менен бирге БУУнун ДАТП боюнча Нарын облусунун координатору катышты.
Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Ч.Акималиева “бул майрамдын максаты — окуучуларга күздун берекесин даңазалоо, окуучуларга эмгектин пайдасы жана натыйжасын түшүндүрүү, эмгектенүүгө тарбиялоо” деп айтты.
Даярдаган: Г. Мамытбекова