Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган шамдагайлардын спорттук таймашы болуп ѳттү. Бул сынакта 8-б классы шамдагайлар деп табылды.
Мындан кийин да спорттук мелдештер болуп туруусун каалайм дейт Мирлан уулу Чынгыз.

«Биз 8-б классынын атынан чыгып жатабыз. Жакшы эле аракет кылып даярдандык. Аракетибиздин акыбети кайтып биринчи орунду алып, сүйүнүп жатабыз. Командабыздын аты «Олимпик», тѳрт кыз, тѳрт бала катыштык. Громата менен сыйландык. Каршылаш команда күчтүү болду, аларды жеӊүү бир аз кыйынчылыка турду», — деп айтып берди Чынгыз.
Биринчи орунду алып, сүйүнүп жаткан Нурлан уулу Бекжан мелдешке үч күн даярданганын айтты.

«Программадагы оюндар бүткѳндѳ эки команда 88 добуш менен теӊ чыгып калдык, анан калыстар кап менен секиргиле деп, ошол оюнда биз жеӊип алып жеӊишке жеттик. Атаандаштарды жеӊүү оӊойго турган жок», — дейт ал.
Атаандаштардын күчтүү экенине карабай биз жеӊдик, анткени биз шамдагайбыз деди Таңчолпон Сабырбекова.

«Жеӊиш үчүн болгон күч аракетибизди жумшадык. Биринчи орунду алганыбызга абдан кубанып жатам. «Олимпик» командасы жеңээрине ишенгем. Уюштуруучулар грамота менен сыйлашты. Атаандаштарды жеӊүү ѳтѳ эле кыйынга турду, бирок акырында биз жеӊдик, анткени биз ар дайым шамдагайбыз», — деди ал.
Шамдагайлар таймашын уюштурган мектептин спорт секторунун башчысы жана 11-классынын окуучусу Руслан Рыспай уулу сынакка жалпы алты класс катышканын айтты.

«Эки класс финалга чыкты. Окуучулар активдүү катышып беришти. Жеӊген команданы грамота менен сыйладык. Жакынкы аралыкта «Мырзалардын мыктысы» жана «Волейбол» оюндарын ѳткѳрѳлү деп жатабыз», — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн