Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Салмат Наврузов 20 жылдан ашык убакыттан бери чачтарачкана иштетип келет. Ал чачтарачтыкты устаттарынан үйрөнгөнүн айтат.
Андарактын тургуну Салмат Наврузов чачтарач болуу үчүн билим алган эмес. Айыл тургундарынын чачын кесип иштеп жатканына 27 жылдын жүзү болду.

Наврузов чач алуу үчүн шаймандарды айылдын эле дүкөндөрүнөн алат.
«Мен 1990-жылдан бери чачтарачкана иштетип келем. Ушул иш менен үй бүлөмдү багып келем», — деп билдирет ал.
Учурда Наврузовдун баласы чач алууну үйрөнуп жатат. Ал дагы атасынын кесибин улайын деген ниети бар. Чачтарачтын баласы Касым күнүгө чач алуудан ар кандай пайда табаарын айтат.
«Биздин кардарлар көп эле, күнүгө ар кандай пайда табабыз. Тиричиликти ушул кесип менен кылып келебиз», — деп билдирди Наврузов.
Касым дагы атасынын кесибин улантаарын айтат. Ага бул кесип жагат жана ал дагы атасындай болуп чачтарач боюнча билим албай эле бул өнөрдү үйрөнүп алган.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн