Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Салахиддин Салимов көп жылдардан бери канаттуулардын түрүн багып келет. Анын колунда учурда үндүктөр, көгүчкөндөр жана сасаркилери бар.
Ал канаттуулардын баарын кызыкчылык үчүн багат. Андан сырткары Салимовдун колунда бир тайган ити жана анын эки күчүгү бар.




— Мен канаттуларды багууга кичинемден эле кызыккам. Буларды багып келатканыма 20 жылдай болуп калды. Азыр колумда ургаачы тайганым да бар. Тайган аябай акылдуу экен, баардык нерсени алдын ала сезет. Анын эки дөбөт күчүгү бар. Тайганды мен мындан ары да көбөйтөм. Тайган болсо бул канаттуларымды түлкү жана башка жаныбарлардан кайтарып турат. Сасаркилерим болсо түлкү же башка жаныбарлар келсе кыйкырып белги берет. Бул канаттууларды кызыкчылык үчүн гана багып келе жатам. Кээ бирде сатам. Үндүктөрдүн чоңу 1500 миң сомго бааланат.


Салахиддин бул канаттууларды Тажикстандын Ленинабад шаарынан ар кандай баага алып келип, көбөйтөөрүн айтты.

Мындан ары дагы башка канаттуулардын түрлөрүн алып келип багаарын айтат.
Ал эми жакында улар, фазан сыяктуу канаттууларды алып келээрин айтты.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн