Токтогул районунун Терек-Суу айылынын маданият үйүндѳ сулуулар сынагы болуп ѳттү. Ага Кетмен-Төбө айыл айымагынын Терек-Суу, Ак-Тектир, Чоӊ-Арык, Чолпон-Ата, Кушчу-Суу жана Кара-Күнгѳй айылдарынын сулуулары катышып, Терек-Суу айылынын сулуусу баш байгени илип кетти.

Сулуулар сынагынын уюштуруучусу Тѳлѳмбү Орокова жеӊген кыз Токтогулда ѳтѳ турган райондук сулуулар сынагына бараарын айтат. Айыл аймагынын деңгээлиндеги сынакка калыстык кылуу үчүн атайын Токтогул районунан калыстар тобун чакырылган.
«Келген калыстар таразанын ташындай калыстык кылып беришти. 1-орунду №12 Курама уулу Турусбек орто мектебинин сулуусу Темиркан кызы Канымгүл жеӊди. Бардык сулуу кыздарыбызга грамота жана акчалай сыйлык тапшырдык. Баш байгени алган кыз Токтогул районунда ѳтүүчү сулуулар сынагына жолдомо алды”, — деп билдирди Орокова.

Терек-Суу айылынын сулуусу Канымгүл Темиркан кызы жеӊгенине кубанып, алдын ала жеңишке жетем деп күтпөгөнүн айтат.
“Мектептен бир аз оӊой болгон, ал эми бул жакта башка айылдын сулуулары менен таймашуу кыйын экен. Бирок классташтарым, ата-энемдин жана колдоочулардын жардамы менен жеӊишке жетип олтурам”, — деди райондук сынакка жолдомо алган сулуу.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн