Лейлек районуна караштуу Сумбула айылынын тургуну Кыдырали Тойчубаев өзүнүн үйүнүн алдына күнөскана курууда. Ага жалпысынан 347 726 сом каражат кеткен.

Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын тургуну Кыдырали Тойчубаев биринчилерден болуп күнөскана бизнесин баштады. Учурда күнөскананы тургузуу иштери жүрүп жатат. Биз Тойчубаевдин жубайы Күмүшай Тойчубаева менен маек куруп келдик.

Саламатсызбы, азыркы Андарак айылында курулуп жаткан күнөскананын демилгечиси сиз экенсиз. Кандай ой менен ушул күнөскананы куруу демилгесин колго алдыңыз?

— Биз күнөскананы куруу үчүн өзүбүздүн жамааттык топту түзүп, тажик улутундагы кыргыз жарандары менен биргеликте элибиз үчүн төрт мезгилге ылайык жашылча жемиштерди эгүүнү пландаштырып жатабыз. Элибизге витаминдүү жаңы жер-жемиштерди коңшу өлкө Тажикстандан сатылып алынын келинет. Ошого байланыштуу өзүбүздүн элге өзүбүздүн жерде күнөскана куруп жатабыз.

Күнөскана куруу үчүн башында көптөгөн чыгым сарпталат эмеспи, каржы жагын кантип чечтиңиздер?
— Финансы каржылыгын чечүү максатында “Acted” уюмуна долбоор менен кайрылдык. Алар биздин күнөскана куруу боюнча долбоорубузду колдошуп, 197 726 сомдук керектүү материалдарды алып беришти. Ал эми өздүк салымыбыз 150 000 сом болду.

Тоолуу аймакта биринчи ирет күнөскана курулуп жатыптыр, канчалык деңгээлде иштеп кетишине ишенесиз?
— Күнөскананын жалпы ээлеген аянты 108 чарчы метр. Тереңдиги 1,5 метр казылып талапка ылайык курулуп жатат. Келечекте жакшы иштетебиз деген ойдобуз.
Маектешкен: Кыдырали кызы Мира
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн