Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго айылдагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары катышты.
Тегерек столдун уюштуруучусу жана мектептин биология сабагынын мугалими Назгүл Шакирова иш-чара биология, химия айына карата уюштурулуп жатканын айтат.

“Райондук билим берүү бөлүмү ар бир мектепке ноябрь айын “Биология, химия айы” деп белгилеген. Биология, химия айына биз атайын иш-чараларды уюштурганбыз. “Тамеки өмүргө зыян” аталган иш чараны киргизгенбиз, ошонун негизинде өтүп жатат. Окуучулар активдүү катышып жатышат”, -деп билдирди Шакирова.

Дарыгерлер окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

10-класстын окуучусу Бексултан Какенов бул тегерек столдон тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалыматтарды алгандыгын айтат.

“Тамекини чекпеш керек экен, ал өзүңдүн ден соолугуңа эле зыян экен. Андан көрө, спорт жана окуу менен алектениш керек экен. Тамекиге корогон акчаны кайрымдуулук иштерге жумшасаң туура болот”, — дейт Какенов.

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн