1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусу менен күрөшүү күнү. Бул боюнча Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева менен маек курдук.
Саламатсызбы! СПИД оорусу жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?
— Саламатчылык! СПИД деген бул адамдын иммундук системасынын жетишсиздигинин синдрому.
Алгач СПИД оорусунун кандай белгилери болот?
— Алгач адамга бир жылга чейин билинбейт, бир жылдан кийин анан билине баштайт. Алы кетет, температура болот, бездери чоңоёт, менингиттин, пневманиянын, бронхиттин, туберкулездун белгилери пайда боло баштайт. Анткени, адамдын организминде инфрациттердин бардыгы жок болгондон кийин, бул СПИДдин вирусу лифоцит менен моноцитти жейт, анан ошондо булардын адамды коргоого мындайча айтканда акыбалы жок болот. Бардык сырттан келген инфекциялар адамга жуга бериши мүмкүн. Ошентип, акырындын адамдын бардык системасы ооруп, шишиктер пайда боло баштайт. Акырында СПИД менен жабыркаган адам арыктап, тирүү скелет болуп калат.

СПИД оорусунан айыгууга мүмкүнбү?
— СПИД оорусунан толук айыгууга мүмкүн эмес. Бирок, СПИД менен ооруган адамдар, азыр СПИДге каршы ретро вирустук препараттар чыккан, муну СПИД центринен бекер берет. Адамдарды бекер дарылайт, бул болсо СПИД менен жабыркаган адамдардын өмүрүн бир аз болсо дагы узартат.
СПИД оорусун алдын алуу үчүн кандай аракеттер болушу керек?
— СПИД оорусун алдын алуу үчүн, кокустук жыныс катнаштарына барбаш керек, медициналык манипуляциялар бүт стрилизацияланган болушу керек, бир щприцти кайра-кайра колдонбош керек. Ошондой эле, чач тарач жана башка жайларда бардык шаймандар хлор менен тазаланып турушу керек.

Калия Дөөлөтказиеванын кошумчалашынча, Терек-Суу айылында СПИД оорусу менен катталган адам жок.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн