Токтогул районунун Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдетке жылда эле кабылышат, бирок, быйылкы жылы сасык тумоо илдетинин татаалырак түрү менен жабыркашкан.
Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева буга абанын дароо муздашы себеп болушу мүмкүн деген ойдо.

— Азыр жаш балдар арасында сасык тумоо менен кайрылгандар болуп жатат. Бирок, өтө оор болуп кайрылган бейтап болгон жок, температура болуп, 2-3 күндө айыгып кетип жатышат. Сасык тумоого кабылганда антибиотиктерде өтө көп кабыл албаш керек. Көбүнчө суук тийгенде сасык тумоого кабылышат. Сасык тумоого кабылгандар көбүнчө өтүшүп кетпеген соң, үй шартында эле дарыланса болот. Болгону биз кеңеш кылган дарыларды кабыл алышы керек.

Айыл тургуну Назгүл Айтымбетова жакында эле бул илдетке кабылып, үйдө өз алдынча дарыланганын айтат.
“Үйдө мен, кызым жана уулум үчөөбүз тең акыркы жумаларда сасык тумоо илдетине кабылып, жакында эле айыктык. Ооруканага кайрылган жокпуз, үйдө эле, өз алдынча дарыландык. Жылда сасык тумоо менен ооруганда, 2-3 күндө айыгып калчык, быйылкы жылы көздөрүбүз кызарып, бир жумадан ашык убакытта араң айыктык”, — деди Айтымбетова.
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн