Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы №5376 шайлоо участогу айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого даяр. Бүгүнкү күндө урналар алынып келип коюлган.
Буга чейин шайлоо участкаларынын операторлору атайын окуудан өтүп келишкен.

№5376 Куу-Майдан шайлоо участогунун башкы оператору Барчынай Кудайбердиева техникалык жактан көйгөйлөр жок экенин, эки жолу окуудан өтүп, сынак тапшырып келгендигин айтат.

«Шайлоого даярдыктар жакшы, тизмелер такталып, кабарлоо баракчалары таркатылды», — деп билдирди Кудайбердиева.

Депутаттыка талапкер Зиягүл Козу кызы башкы максаты — элге кызмат кылуу, элдин көйгөйүн чечүү, мыйзам чегинде иш алып баруу экенин айтат.
«Эгер депутат болуп калсам эл менен маселени чечип, кайсыл жерде кандай көйгөй бар экендигин аныктап, ошол боюнча иш алып барам», — деди Козу кызы.

Дагы бир айылдык депутаттыка талапкер Асан Эрматов төрт жылдан бери депутат болуп, жакшы иштерди аткарып, долбоорлорду утуп келгендигин жана дагы бул жумушун уланткысы келгенин айтты.
«Кеңеш айыл өкмөтүнүн ички каналдары өтө начар абалда, долбоорлорду жазып, тендерлерге катышып, ички каналдарды оңдойм деген ойдо жүрөм», — деди Эрматов.

Айыл тургуну Сайна Исраилова «жаңы шайланган депутаттар таза суу маселесин чечип беришин каалайм» деген оюн айтты.
Даярдаган: Тахмина Абдикерим кызы, Салтанат Зарипжан кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн