Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Токтогул районунун Чоң-Арык айылында даярдыктар жүрүүдө. Айылда жалпысынан депутаттыкка 18 адам талапкерлигин койгон, аларга добуш бере турган 1750 шайлоочу бар.
Депутаттыкка талапкерлер даярдыктары эл менен жолугушуп, өз пландарын тааныштырып, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.

Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинин тарых мугалими, депутаттыкка талакер Өмүр Турсунбаев:
— Менин депутат болуу максатым ушул айылыбыз үчүн, жерибиз үчүн. «Манжалар бөлөк, билек бир, максаттар бөлөк, тилек бир» деген максатта оюбуз бөлөк болсо да барыбир элге кызмат кылабыз деген ураан мененбиз. Өзү жалпы эки айылдан биригип 40тан ашуун депутаттыкка талапкер адам бар. Терек-Суу айылынан 34, Чоң-Арык айылынан 18. Бирок булардын баары депутат болбойт. Терек-Суудан 12, Чоң-Арыктан 9 адам депутат болушу керек. Ошондо эки айыл биригип 22 депутат шайланышы керек. Ал эми өзүмдүн даярдыгым жөнүндө айта кетсем, даярдыгым жакшы эл катары дярданып жатабыз.

Коргол мектебинин орус тили мугалими Анара Жумалиева да депутаттыкка талапкерлигин коюуда.
Депутаттыкка талапкер адамдардын арасында орто билимдүүсү да, жогорку билимдүүсү да бар. Ал эми айыл тургундарынын айрымдары депутаттардын жогорку билимдүү адамдардан болсо дешет.
Чоң-Арык айылынын тургуну Чынара Бекмуратова:

— Эми эң башкысы ушул шайлоо так жана таза өтсүн деген тилектемин. Жалпы 18 депутат талапкер экен. Ал эми шайлоочулардын 9 адамга чейин шайлаганга мүмкүнчүлүгү бар экен. Депутаттар шайланганга жараша таза жана ак иштеши керек. Алардын жогорку билимдүүлөрү шайланганын каалайм. Анткени ал аз да болсо орто билимдүүлөрдөн жогору турушат жана алар көп нерселерди билишет деп ойлойм. Неси болсо да шайланган депутаттар эл үчүн колунан келген аракетин жасашса деген үмүттөмүн.
Даярдагандар: Жайнагүл Бактыбек кызы, Аида Абдыкерим кызы.
Редактору: Бурулсун Улабек кызы
Сынак үчүн