Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев мектебинде айылдык дарыгерлердин катышуусу менен СПИД оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарада жогорку класстын окуучулары СПИД боюнча сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарып беришти. Андан сырткары тема боюнча ар бир класс дубал газета жасашып, докладдарды окушту.
Мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары Бурул Арыкова окуучулардын бул оору жөнүндө түшүнүктөрү бар экенин айтты.
Бул иш-чарада врачтар да СПИДдин жугуу жолдору, кантип анын алдын алуу керек экени боюнча айтып беришти.






Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн