Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаштарынын демилгеси менен “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмеси түзүлүп, тургундарга ар кайсы жактан жардам көрсөтүүдө. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы коомдук бирикменин максаттары, иш-аракеттери тууралуу анын төрагасы Гүлжигит Кудабаев менен маек курду.
Саламатсызбы! “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесин түзүүгө эмне себеп болду?
— Саламатчылык! “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесин түзүүгө көптөгөн себептер болду. Анткени, жаштар көп жылдан бери демилге көтөрүп, ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз. Маселен, Якутск шаарында курулуш тармагында иштеген балдар айылга көптөгөн салымдарын кошуп келе жатышат. Ошолорду расмийлештирүү, ошолордун багытын туура тандоо үчүн бул уюмду түздүк.
Качан түзүлгөн жана бирикмеде канча адам бар?
— Мурдатан бери келе жаткан идея болчу, бирок жаңы эле түзүлдү. Жаңы мыйзамдаштырып, юридикалык каттоодон өтүп жатабыз. “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмесинин курамына айылдын жаштарынын бардыгы кирет.
Кандай иштерди аткара алдыңыздар?
— Аткарган иштер боюнча айтсам, жыл-жыл болуп бөлүнүп, ар кандай иш-чараларды уюштурдук. Гараждагы техсервистин чоң имаратын бүтүргөнгө аракет кылдык, чогулуп алып, ичин шыбадык, айнектер дагы буйруса келип калды. Мектептин айланасын тосууга демилге көтөрүп, жыл-жыл болуп тосуп жатабыз. Андан сырткары айылдын адеп-ахлагына элди, жаштарды чакырабыз, спорт тармагын дагы алдыга жылдырып жатабыз.

Алдыда дагы кандай пландар бар?
— Алдыда пландар көп. Кыргыз Нефть газ бизден газ издеп жатпайбы, ошолор менен жергиликтүү өнөктөш болуп иштешип жатабыз. Ошолор менен биргеликте айылдын инфраструктурасын карап жатабыз. Маселен, жазында башталып калышы мүмкүн, айылга чоң спорт зал куруу боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошол спорт комплексинин ичинде бардыгы камтылат: бокс боюнча, күрөш боюнча жана ошондой эле кыздарга фитнес клубду дагы ойлонуштуруп жатабыз. Сырттан инвестицияны тартып келүү, Узун-Акмат өзөнүн корукка алынып, улуттук парк боло турган болуп чечилди. Анан, ошол жактан дагы жер сурап жатабыз, туристтер менен дагы иштешип калышыбыз мүмкүн.
Маегиңизге рахмат! Ишиңиздерге ийгилик!
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн