Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын окуучулары бул мектептен билим алып келишет.
№12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы Чынара Жумагулова билим уясынын абалы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Мектеп 1970-жылдары курулган, ал эми 2010-жылы авариялык абалга келген. Ошол убактан бери ар кайсы жерин оңдоп эле окуп жатабыз. Келген-кеткен аткаминерлерден, министрликтен келгендерден жардам сурап жатабыз, келип сүрөткө тартып, эки жагын байкап кетишкен. Бирок эмнегедир кечеңдеп жатат», — деп билдирди Жумагулова.

Буга чейин бул көйгөйдү чечүүгө аракеттер көрүлүп, эл ашар жолу менен мектептин жанына дагы бир мектеп курган. Бирок ал сапатсыз курулуп, кайра эле көчүп түшүп калган.

«Жогору жактагыларга көптөгөн кайрылууларды жазып жатабыз, үмүт бар оңдолуп калабы деген. Бизге мектеп авариялык абалда, чоң корпуска көчкүлө деп райодук башкармалыктан тапшырмалар болгон», — деди ал.

Чоң корпус эки кабаттуу болгону менен 530 гана орундуу. Ал эми мектепте жалпы 880 окуучу бар. Чоң корпуста окуучулар 2-смен менен окушкандыктан башталгыч класстын окуучулары ал жакка батпасын айтат.

«Мектептин абалы окуучуларга коркунуч туудурбайт дегенден алысмын, бирок, мектептин сөөгү таза деп эле, кыргызчылык менен окуп келе жатабыз. Мектептин түндүк жак тарабы кыйшайып калган, бул финский болгондуктан түбүндөгү жыгачтар чирип калган. Бирок, биз эки жагын рельстер менен түзөп койгонбуз. Дагы канчага туруштук бере алат билбейм, бирок, табийгатка байланыштуу”, — деп кошумчалады окуу бөлүмүнүн башчысы Жумагулова.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Жээналиевге кайрылганыбызда, ал айыл өкмөтү райондук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте министрликке кат жөнөткөндүгүн, бирок бул маселе дагы деле чечиле электигин билдирди.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн