Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрөт. Бул туурасында Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.
Саламатсызбы! Кеңеш айыл өкмөтүнө канча депутат шайланышы керек?
— Жалпы Кеңеш айыл аймагына 21 депутат шайланышы керек. Учурда 44 адам өзүнүн талапкерлигин койду.

Кеңеш айыл өкмөтүнө канча айыл кирет?
— Кеңеш айыл өкмөтүнө жалпы беш айыл кирет. Алар: Чегеден, Шаңкол, Арбын, Куу-Майдан, Ак-терек айылдары.
Ошол айыл өкмөткө кирген айылдардын ар биринен канча депутат шайланышы керек?
— Шаңкол айылынан 7 депутат, Арбындан 6 депутат, Куу-Майдан менен Ак-Терек биригип 5 депутат, Чегеденден 3 депутат шайланышы керек.
Айылдардын ар биринде канчадан шайлоочу бар?
— Шаңколдо 2172, Арбында 1979, Байышта 875, Куу-Майдан жана Ак-Терек биригип 1689. Жалпы Кеңеш айыл өкмөтүндө 6734 шайлоочу бар.
Бир адам канча депутатты шайласа болот?
— Кайсыл айылдан канча депутат болсо ошончону шайлоого укугу бар. Мисалы: Куу-Майдан айылынан 5 депутат шайланышы керек, шайлоочу 5 депутатка чейин добуш берсе болот.
Депутаттыка талапкерлигин коюу үчүн кандай талаптарды аткаруу керек?
— Депутаттыка талапкерлигин кою үчүн эң негизгиси соттолбогон болуш керек. Сөзсүз түрдө Кеңеш айыл өкмөтүндө жашагандыгы тууралуу справкасы болушу керек.

Жашы чектелеби канча жаштан, канча жашка чейин койсо болот?
— Жашы 21 жаштан жогору болушу керек.
Депутат болуп шайланыш үчүн канча добуш топтошу керек?
— Депутат болуш үчүн эң көп добуш алган талапкер биринчи депутат болуп кирет. Андан кийинки экинчи, үчүнчү болуп чегине жеткенче депутат болуп киришет.
Өкмөттө канча шайлоо участогу бар?
— Кеңеш айыл өкмөтүндө 5 шайлоо участогу бар. Ак-Терек, Шаңкол, Арбын, Байыш, Куу-Майдан.
Эгер шайлоонун жыйынтыгына талапкерлер, же эл макул болбосо, жыйынтык жокко чыгарылабы?
— Жок. Андай болбойт, себеби урнадан компьютер менен кетип жатат. Мунун жыйынтыгына макул болуу керек.
Айылдык кеңештин депутаттары айлык алабы?
— Айылыдык кеңештин депутаттары айлык алышпайт. Себеби булар өзүнүн эрежеси боюнча жылына төрт жолу сессия өтүшү керек. Бюджетти бекитет, ошол сессия болгон күндөргө бир күндүк айлык жазылат. Төрага сессия өткөзгөндүгү үчүн айлык алат, башка эч ким албайт.
Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Даярдаган: Нурида Кубанычбек кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн