Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде форум театр өткөрүлдү. Бул аркылуу окуучулар коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү сахналаштырып көрсөтөт.
Бул тууралуу форум театрдын кординатору жана Манас мектебинин мугалими Салия Джораева менен маек курдук. Ал сөзүндө окуучулардын театр жаатына болгон кызыгуулары жакшы экендигин айтат.

“Форум театр жаңы өсүп келе жаткан өспүрүм балдарды жакшы жакка үндөйт десем болот. Театр аркылуу коомдо өзүн тыкан алып жүргөнгө, ойлогон оюн коомго так жеткире билгенге үндөйт жана психологиясына зор таасирин тийгизет”, — деп билдирди театрдын координатору.
Учурда балдар “Кусада калган балалык” аттуу көрсөтүүгө даярданып жатканын айтат.

“Биз жазында ушул “Кусада калган балалык” аттуу көрсөтүүбүздү мектепке Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан, билим берүү бөлүмүнөн, өспүрүмдөр боюнча жоопту милиция кызматкерлери келгенде көрсөтүүбүздү аткарып бергенбиз. Ошондо алар жакшы баа берип кеткен. Исфана шаарында 21-декабрда боло турган тегерек столго ушул көрсөтүүбүздү аткарып берүүбүздү суранган. Учурда ошол “Кусада калган балалык” аттуу көрсөтүүбүзгө даярданып жатабыз”, — деп кошумчалады Джораева.
Мектептин 9-классынын окуучусу Бүбүканым Канатова форум театрга эки жылдан бери катышат. Анын айтымында, театр аркылуу жакшы досторду тапкан.

“Мен театрдан өзүмө жакшы сапаттарды, жакшы досторду таба алдым десем болот. Форум театр өтө кызыктуу”, — деди ал.
Даярдаган: Баатыр Кудайназаров
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн