Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында үч кабаттуу, заманбап, жаңы мечит курулууда. Мурдагы эски мечитти бузушуп, анын ордуна жаңы мечит салынып, курулуш иштери аяктайын деп калды.
Кыргыз-Ата айылынын тургуну Анвар Надировдун айтымында, эки мечит суук жана ыңгайсыз болгон. «Ал мечитке адамдар өтө аз келчу. Азыр бул мечиттин ичи өтө жылуу жана ыңгайлуу экен», — деди ал.


Жаңы мечиттин курулушу азыр да жүрүп жатат. Азыр ички жасалгасы жасалып жатат. Айыл тургуну Баатырбек Аскаров «Бул мечит жакшы курулду, мечит биздин айылыбыздын көркүн көтөрөт деп ойлойм» деген оюн билдирди.

Негизи бул мечит араб комитеттери тарабынан салынууда. Бул мечитке 2000ден ашык адам батат. Жума намазы да эми ушул жерде окулмакчы.

«Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюмунун жетекчиси Саид Баюминин жардамында болду», -деп билдирди айыл тургуну Абдыкапар Ташиев.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн