Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде марафон болуп өттү. Марафон «Тарых жана Маданият» жылына карата музейлерди өнүктүрүү үчүн уюштурулду.
Марафондо ар бир окуу окуучуга 5 сомдон, ал эми мугалимдерге 20 сомдон салым кошуу бөлүнгөн. Жалпысы мектептеги музейге 4000 сомго жакын акча топтолгон.

Мектеп мугалими жана марафондун уюштуруучусу Ибраим Арипов «Бул марафон аркылуу Нышанов мектебинин музейин өнүктүрүүгө чоң салым кошулат» деп билдирди.

Мектептин организатору Гүлмайрам Ысмаилова «Акча топтоп музейди жаңылап коюу — бул жакшы план болду деп ойлойм» деди.

Нышанов бабабыздын музейин ондоо жана коргоо мектеп окуучуларынын ар биринин милдети болуп саналат. Бул музейге салымын кошкон жана азыр жетектеген Ибраим агайга ийгилик.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн