Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Искра айылында жаңы чайкана ачылды. Аны айыл тургуну Гайбулла Умаркулов салган.
Бул тууралуу чайкананын ээси Гайбулла Умаркулов менен маек курдук. Алгач бул имаратка билиард салуу пландаганын айтат.

“Чайкананын имаратын 2014-жылы тургузгам, башында билиард курсамбы деп ойлоп жүргөм. Имарат эки кабаттан турат. Биринчи кабатына жакында эле банк ачылды, алар мага ижарасына 5 000 сомдон төлөп турат. Экинчи кабатында сүрөткана бар болчу, башка жерге көчүрүлгөнүнө байланыштуу бош калбасын деп ушул чайкананы ачтым. Чайканада аш, самса даярдалат”, — деп айтты Умаркулов.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн