Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуу убактысы 08:30дан 09:00гө жылдырылды. Буга күндүн кыскарышы себеп болгон.
Бул тартип 11-январдан тарта иштей баштайт жана март айынын ортосуна чейин созулат. Искра айылындагы Манас орто мектебинин директору Тажимурат Марипов буларды айтты.

— Биздин мектепте сабактар 11-январдан баштап сабак 9:00дө башталат. Мурда 8:30да башталчу. 9:00дө башталганынын себеби, саат сегизде караңгы түн болуп калат экен. Ошол себептүү сабактар жарым саат артка жылдырылды. Сумбула айыл аймагы боюнча төрт мектепте сабактар 9:00дө башталат. Ал мектептер: Андарак1, Андарак 2, Сары-дөбө орто мектеби жана биздин Манас мектеби. Бул тартип март айына чейин созулат.
Манас орто мектебине 3,5 чакырым алыстыктан келип окуган Тайсын Жумагулов сабактардын жарым саатка жылдырылганы жакшы болгонун айтат.
«Таң ата электе жолго чыгам. Мектепте сабактар 09:00дө башталганы абдан жакшы болду. Кээде алыстан келениме байланыштуу кечигип калган учурларым болгон, эми кечикпей калам го деген ойдомун», — деди Тайсын.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн