Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылында 2016-жылдын башында жаңы фельдшердик-акушердик пункту долбоор менен каржыланып салынууда.
Биз бул тууралуу Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Насипа Жээнбаева менен маек курдук.


— Арис менен 2004-жылдан бери иштешип келебиз. Быйыл 2016-жылы ФАП салууга долбоор жазганбыз. Ошол долбоорду Бишкекке барып коргогонбуз. Биздин долбоор өтүү. Жайыл району боюнча бир долбоор жазылган. Негизи Чүй облусу боюнча эки долбоор өткөн. Бир долбоор Кемин районунда, экинчиси Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө. Биздин ФАП салынып бүтөйүн деп калды, ичиндеги майда-чүйдө жумуштары калды. Курулуш иштери ноябрь айынын башында салына баштаган. Азыр кышкы мезгилге туш келгендиктен курулуш иштери жайдан жүрүп жатат.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн