Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жаңы тогуз депутат шайланды. Алар 18 талапкердин арасынан тандалып алынды.
Чоң-Арык айылына депутат болуп шайлангандар менен алдыдагы пландары тууралуу маек курдук.
Өмүр Турсунбаев, 523 адам добуш берип, эң биринчилерден болуп депутаттыкка өткөн. Жашы 25те. Чоң-Арык айылынын Коргол атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп иштейт.
— Максатым элге колумдан келишинче жардам берүү. Менин айылга эң биринчи колумдан келе турганы — бул долбоор жазып, сырттан инвестиция көбүрөөк тартканга аракет кылам. Элден келген сунуштардын бардыгын аткарууга алымдын, күчүмдүн жетишинче аракет кылам.
Анара Жумалиева, Коргол мектебинин орус тили мугалими. 504 добуш менен 2-орунда депутаттыкка өткөн. 1968-туулган.
— Менин алдыдагы пландарым көп, азырынча аларды айтып жар салгым келбейт.
Жумакмат Бердалиев, 468 добуш менен 3-орунда депутаттыкка өткөн. 1967-жылы туулган. Коргол мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштейт.
— Биринчи максатым — эл үчүн ак кызматымды жасоо. Андан соң биздин мектепте өзүңөр билгендей эле спортко кызыккан окуучулар көп, ошолордун келечегине жардам берип, мектепе ар кандай таймаштарды өткөрүп, ошол окуучулардын ичинен мыктыларын тандап алып райондук, облустук олимпиадаларга барган каражатын көтөрүп, андан сырткары, бардык депутаттар менен сүйлөшүп көрүп айылга спорт комплекс куруп берсек деген планым бар.
Айдарбек Артыкбеков, 431 добуш менен депутаттыкка 4-орунда өткөн. Коргол атындагы орто мектебинин физика мугалими. 1990-жылы туулган.
— Айылда эмне көйгөй болсо, ошол көйгөйдү чечип бергенге аракет кылам. Ошондой эле айыл ичиндеги көчөлөргө түнкүсүн жарык берип турчу жол чырактарын коюп берсем деген пландарым бар.
Алия Мураталиева, 1967-жылы туулган. Депутаттыкка 420 добуш менен 5-орунда өткөн. ФАП УСТА-САЙ №779 Үй-бүлөлүк дарыгерлер пункутунун башкы дарыгери.
— Мен мурда элиме кандай кызмат кылып жүрсөм, дагы деле ошондой кызмат кыла берем. Ал эми айылдын депутат айымы катарында көптөгөн жакшы пландарым бар. Алардын бири — айылыбызга жакшы, чоң балдар бакчасын курдуруп бергенге аракет кылам. Мен мурунку чакырылышта да депутат болгом. Бул 3-жолку депутат болушум, 1-жолу депутат болгондон баштап эле айылга балдар бакчасын салып бере албай койдук. Эми ошол нерсеге көбүроок аракет кылабыз. Элде эмне көйгөй болсо баарын чечкенге аракет кылабыз.
Алмазбек Абдралиев, 361 добуш менен депутаттыкка өткөн. Жеке ишкер. 1978-жылы туулган.
— Биз беш депутат чогуу өттүк. Баарыбыз чогуу биригип, канча жылдан бери элдин сунушу көп түшкөн айылга балдар бакчасын курдуруп берсек деген пландарыбыз бар. Элден түшкөн сунуштардын баарын аткарууга, ошондой эле элдин көйгөйүн толук чечип бергенге аракет кылам.
Алмаз Токторалиев, 6-орунда 325 добуш менен депутаттыкка өткөн. 1979-жылы туулган, жеке ишкер.
— Менин алдыдагы пландарым өтө эле көп. Эң башкысы жакшы айыл өкмөт башчысын шайлап, элдин чечилбеген маселесин айыл өкмөт менен биргеликте чечсек деген пландарым бар. Чогуу депутаттарга сунуш киргизип, кышкысын көчөлөрдүн бардыгын муз каптап, элдин баары тайгак жолдо баса албай кыйналышат. Ошол эмне себептен ал ошол көчөлөрдө суу түтүктөрүнүн жоктугу, кичинелиги, ошондон улам ошондой көйгөй жаралууда. Ошондуктан ошол айылдын бардык жериндеги суу түтүктөрүн алмаштырып берсек деген планым бар. Эми мени эл шайлагандан кийин элдин бардык маселесин чечип бергенге аракет кылабыз. Бир эле бул эмес мындан башадагы көптөгөн пландарым бар, эми аларды иш жүзүнө ашканда көрөсүңөр.
Аскат Батырбек уулу, 26 жашта. Бизнесмен. Мурунку чакырылышта дагы депутат болгон. 320 добуш менен 8-орунда депутатыкка өткөн.
— Менин алдыда пландарым көп. Элдин чечилбеген эмне көйгөйү болсо, ошол көйгөйдү чечкенге аракет кылам. Элдин кандай сунушу болсо аткарып берем.
Кубанычбек Кыпчакпаев, жашы 51де. 306 добуш менен 9-орунда депутаттыкка өткөн. Бизнесмен.
— Элде эмне көйгөй болсо, ошол нерсени чечип бергенге аракет кылам.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагүл, Абдыкерим кызы Аида.
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн