Баетовдо 2015-жылдагыдан айырмаланып 2016-жылы бруцеллез көбүрөк катталган. Бул ооруга айыл тургундарынын арасында 36 адам чалдыккан.
Ак-Талаа районундагы фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалагынын жетекчиси Дастан Күйкеевдин айтымында, 2016-жылы башкармалыкта яшур оорусуна 100 пайыз, эмкар оорусуна 144, кутурма 100 пайызда план аткарылган.
«Ошол себептүү ооруну алдын алуу максатында 60 миң РЭВ-1 вакцинасын жүргүздүк. Бул өзүңүздөр билгендей, малдын көзүнө тамчылатуучу вакцина. Берилген вакцина жетиштүү болду. Биздин кийинки жылга койгон максатыбыз 2017-жылы брузеллездун санын кыскартуу, ооруну алдын алуу менен иштөө», — деп билдирди Күйкеев.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактор: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!