Баетов айылында жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине тийиштүү аймакта ден соолугуна байланыштуу үйдө билим алган балдар бар. Мектептин соцпедагогунун демилгеси менен балдарга белектер берилди.
Балдарга жумасына эки жолу атайын мугалим үйүнө барып сабак окутуп турат. Аларга жаңы жылдык белек жана таттуулар берилип, бул иш чараны аталган мектептин социалдык педагогу Бурул Жангазиева уюштурган.

Айтымында, бул белек мугалимдердин жана окуучулардын жардамы менен даярдалган. Ошондой эле ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген окуучуларга да акчалай каражаттар берилген.
“Мындай кайрымдуулук иштер баланы мээримдүүлүккө, боорукерликке үйрөтөт. Колдон келсе мындай иштерди үзгүлтүксүз жасап турсак болмок”, — деди Жангазиева
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира, Тынычбекова Назими
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн