Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Мамат Ата көчөсүнө таза суу чыгарылды. Буга чейин тургундар кудуктан суу ташып ичишчү.
Учурда Мамат Ата көчөсүнүн тургундары кубанып жаткан учуру. Суу атайын долбоор аркылуу чыгарылган. Аталган долбоорду жазган Куу-Майдан айылынын тургуну Ахад Сарымсаковдун айтымында, эми көчөдө суу эки күндө бир чыгарылып турмакчы.

«Сууну чыгаруу үчүн элден 23 миң акча топтолуп, 400 метрге түтүк алынып, төрт жерге суу чыкты. Суу эки күндө бир үч сааттан чыгаралып турат. Эл суу үчүн айына 50 сомдон төлөшөт», — деп билдирди Сарымсаков.

Мамат Ата көчөсүнүн жашоочулары 1500 сомдон өздүк салымын кошушкан. Азыркы чыгарылган суу 100 метрден казылып алынган. Азыр суу жетиштүү болуп калды дешет тургундар.

«Бул суу таза 100 метр казылып алынган. Мурда 2-3 метр казылган кудуктардан ичет элек», — дейт айыл тургуну Ахматали Абдикеримов.
Даярдаган: Атиргүл Жигитали кызы
Редактору: Хусейн Курсантбек уулу
Сынак үчүн